Франция БУУнун коопсуздук жыйынын өткөрүүгө чакырды
![Франция БУУнун коопсуздук жыйынын өткөрүүгө чакырды](https://gdb.rferl.org/A66315C6-D872-44D1-8FE9-8D9D803EA56C_cx5_cy16_cw51_w800_h450.jpg)
Франция Сириядагы химиялык куралдын колдонулушу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырды. Париждин сунушун кеңешке мүчө сегиз өлкө колдоду.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Дума шаарынын жашоочуларына химиялык чабуул жасалганы тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирди. Париждин позициясын Британия, АКШ, Польша, Нидерланды, Швеция, Кувейт, Перу жана Кот-д'Ивуар кубаттады. Reuters маалымдагандай, Орусия да Коопуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө каршы эмес, бирок Москва кайсы маселени талкуулоого ниеттенип жатканы белгисиз.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жекшембиде Сириядагы химиялык чабуул тууралуу дооматтарды четке каккан. Орусиянын Сирияда уюшулган элдешүү борборунун башчысы Юрий Евтушенко Башар Асад режими тарабынан Чыгыш Гутада химиялык курал колдонулганы тууралуу кабар чындыкка дал келбейт турганын айткан.
Франция ТИМ башчысы Думадагы окуяларды “эл аралык гуманитардык укукту жийиркеничтүү түрдө бузуу” деп атады. Ле Дриандын айтымында, Франция өнөктөштөрү менен бирге химиялык куралдын колдонулганы тууралуу маалыматты аныктап чыгат.
Көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондордо иштеген Сирия-Америка медицина коому жана Сириядагы жарандык коргонуу кызматы ишемби күнү химиялык бомба жарылган маалда Дума шаарында 49 киши мерт болгонун билдирди.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы ыктымал химиялык чабуул үчүн Башар Асадды колдоп келаткан Орусия менен Иранды айыптаган.