Кыргызстан Орусияда тогуз дипломатиялык өкүлчүлүк ачууну көздөйт
Кыргызстан Орусиянын аймагында дипломатиялык макамы бар тогуз өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Жогорку Кеңеште эки өлкөнүн ортосунда миграция багытында иштеген өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, келишимге ылайык, тогуз өкүлчүлүк Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматына таандык болот жана дипломатиялык макам берилет. Орусия да Кыргызстандагы эки өкүлчүлүгүн иштетет.
Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, бул багыттагы алгачкы келишимде мүчүлүштүктөр кетип, кайра жазылган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада жайгашкан. Андан тышкары түрдүү аймактарда элчиликтин кеңселери, консулдуктар кошулуп 14 мекеме иштейт. Ошондой эле Мамлекеттик миграция кызматынын, Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү бар. (SE)