Пакистанда миңдеген пуштун укуктары корголушун талап кылып митинг өткөрүштү
Пакистандык жаш активист Манзур Пештин пуштундардын укуктарын коргоону талап кылып уюштурган митингге 60 миңдей адам катышты. Акция 8-апрелде Пешаварда өткөнүн "Азаттыктын" Пакистан кызматы кабарлады. Нааразылык акциясына чыккандардын арасында аялдар да болду.
Жаш активисттердин "Пуштун Тахафуз" кыймылы өлкөнүн уруулар байырлаган аймактарында пуштундардын укуктары бузулуп жатканын айтып, аны токтотууну өкмөттөн талап кылышты. Алар аскерлер, коопсуздук күчтөрү пуштундарды бейчеки текшерүүгө алып, камап салган окуялар көп экенин билдиришти. Айрым кишилер дайынсыз жоголорун айтышты. Алар муну иликтөө үчүн соттук-тергөө тобун уюштурууну да суранып жатышат.
Бийлик пуштун активисттери айткан укук бузуу фактыларын моюнга алган жок. Исламабад уруулар жашаган аймактарда экстремист-жоочулардын коркунучунан улам аскердик көзөмөл зарыл экенин белгилейт.