Канада: хоккейчилер менен коштошуу зыйнаты өттү
Канадада жол кырсыгында каза болгон хоккейчилер менен коштошуу зыйнаты жекшембиде Гумбольт шаарындагы хоккей аянтчасында өттү. 15 спортчунун жакындарына көңүл айтуу үчүн жүздөгөн адамдар чогулду.
6-апрелде "Humboldt Broncos" аттуу хоккей командасынын жаштар курамын жергиликтүү таймаштардын бирине алып бараткан автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, автобустун ичиндеги 28 кишинин 15и ошол жерде жан берген. Аман калгандары ооруканага жеткирилип, үчөөнүн абалы дагы эле оор экени айтылууда. Курман болгондордун арасында команданын башкы машыктыруучусу да бар.
Дүйнө жүзүндөгү хоккей клубдарынын дээрлик баардыгы көңүл айтуу каттарын спортчулардын жакындарына жөнөтүштү.