Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйыны сентябрда Бишкекте өтөт
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйыны быйыл сентябрь айында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Сооронбай Жээнбеков бүгүн Анкарадагы жолугушуудан кийин билдиришти. Ошондой эле жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлду.
Алар:
- Инвестиция жаатындагы меморандум;
- Айыл чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- Дене тарбия, спорт жаатындагы макулдашуу;
- Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо макулдашуусу;
- Социалдык камсыздоо жаатындагы келишим;
- Маалымат жана басма сөз жаатындагы биргелешкен протокол.
Макулдашууларга кол коюлгандан кийинки биргелешкен маалымат жыйынындагы сөзүндө Режеп Тайып Эрдоган тараптар экономикалык, саясий жана аскердик кызматташтыкты талкуулашканын да кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү ниеттерин билдиришкен.
Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркияга расмий сапар барды. Бул анын президент катары Түркияга алгачкы сапары.
Түркия 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы турат деп тапкан.
Ошондон кийин Фетхуллах Гүленге таандык делген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлеринин өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунучу жоктугун айткан. Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.
Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин Бишкекте боло турган жыйыны да ошондон кийин улам артка жылып келе жаткан.