Армения: экс-президент өкмөт башына келеби?
![Армения: экс-президент өкмөт башына келеби?](https://gdb.rferl.org/1119BC48-7B49-4DFD-9AD5-67C610404E23_cx13_cy23_cw78_w800_h450.jpg)
Арменияда жаңы президент Армен Саргсян ишке киришти. Бирок мурдагы мамлекет башчысынан айырмаланып, анын ыйгарым укуктары кыйла чектелүү болот. Себеби 2015-жылдагы референдумдан кийин президент эмес, өкмөт башчы башкы саясий фигурага айланган. Кызматын тапшырган экс-президент Серж Саргсян болсо эми премьер-министрлик кызматка келет деп күтүлүүдө.