ЖЭБ чуусу: Айбек Калиев кызматтан алынды
Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу "Улуттук энергохолдинг" жана "Электр станциялары" ишканаларынын жетекчилери - Айбек Калиев менен Узак Кыдырбаевди кызматтан алууну тапшырды. Мамлекеттик мүлк фонду премьердин сунушун канааттандырып, Калиевди иштен бошотту.