Антонина Шевченко тай бокс боюнча чемпиондугун коргоп калды
Кыргызстандык Антонина Шевченко тай бокстун Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды. Бул тууралуу Flocombat порталы кабарлады.
21-апрелде АКШнын Коннектикут штатында эл аралык турнир өттү. Программа боюнча профессионалдар арасында 11 беттеш болду. Башкы беттеште Антонина Шевченко австралиялык Клэр Бакстер менен кармашып, калыстар бир добуштан кыргызстандыкты жеңүүчү деп табышты.
Шевченко ушуну менен 12-жолу дүйнө чемпиону болду. Ал Lion Fight версиясы боюнча алгач 2016-жылы дүйнө биринчиси болгон.