Армян оппозициясынын лидери митингдерди улантууга чакырды
![Армян оппозициясынын лидери митингдерди улантууга чакырды](https://gdb.rferl.org/015F3B40-8E53-426F-9B4D-14825B7ABCCF_w800_h450.jpg)
Армениядагы оппозициянын лидери Никол Пашинян нааразылык акцияларын улантууга чакырды. Бул тууралуу ал 24-апрелге караган түнү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Пашиняндын айтымында, бийлик Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматтан кетүүсүн өзү сүрөгөн "Республикачылар" партиясынын башкаруусун сактап калуу үчүн колдонуп жатат.
Никол Пашинян 25-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетяндан, парламент спикери Ара Бабалояндан жана көпчүлүк коалициянын башчысы Ваграм Багдасаряндан телефон чалуу күтөөрүн белгиледи.
25-апрелде Пашинян премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян менен жолугуп, саясий системадагы кийинки өзгөрүүлөрдү талкуулай турганы айтылган. Кийин Карен Карапетян Пашинян менен 25-апрелге белгиленген жолугушуу болбой калганын билдирген эле.
Дүйшөмбүдө 10 жылдан ашуун бийликте туруп, кайра өкмөттүн башына келген Серж Саргсян элдин каарынан улам кызматтан кетүүгө мажбур болду.
Армениянын Конституциясына ылайык өкмөт башчы кызматтан кеткенден кийин парламенттеги фракциялар жети күндүн ичинде жаңы талапкерди көрсөтүшөт. Башкаруучу "Республикачылар" партиясы Пашиняндын мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү планы тууралуу комментарий берген жок. (ErN)