Жогорку Кеңеш Өткүрбек Жамшитовдун башкы прокурор болушун колдоду
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматына көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Добуш берүү жашыруун электрондук ыкмада өттү. Жыйынга катышкан 109 депутаттын баары аны колдоду.
Парламенттин 25-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Жамшитов жумушту прокуратура тармагында кадрдык тазалоодон баштай турганы билдирди. Айрым эл өкүлдөрү ага коррупция менен күрөштү жандантууга, саясий буйрукту аткарбоого, элде прокурорлорго жоголгон ишенимди калыбына келтирүүгө кеңеш беришти.
43 жаштагы лейтенант Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды.
Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда туулган. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен.
"Прокуратура жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, бул кызматка курагы 35тен 65 жашка чейин, юридикалык билими, 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам дайындалат. (SE)