АКШнын мунайы Орусияны Европа рыногунан сүрүп чыгарууда
![АКШнын мунайы Орусияны Европа рыногунан сүрүп чыгарууда](https://gdb.rferl.org/A46E54C1-9AF0-4539-974E-529567C5DDCA_w800_h450.jpg)
Ушул жылдын башынан тарта АКШнын Европага экспорттогон мунайдын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу төрт эсе көбөйгөн. Америкадан алып келинген мунай ОПЕК уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жана Орусиянын мунайына атаандаштык жаратууда деп жазат "Рейтерс" агенттиги.
Маалыматка ылайык 2018-жылдын алгачкы төрт айында АКШ Европага жети миллион тонна мунай экспорттогон. Апрелде бул көрсөткүч 2,2 миллион тоннаны түзүп, эң жогорку деңгээлге жеткен.
Адистердин айтымында, америкалык мунайга болгон кызыгууну анын арзан баасы арттырууда. Транспорттук чыгымдарды эске алганда да анын баасы Brent үлгүсүндөгү мунайдан кыйла арзан. Расмий маалыматка ылайык 2018-жылы АКШда өндүрүлгөн мунайдын көлөмү 620 миллион тоннага жетет. Ошондой эле көлөмдөгү мунай Орусияда жана Сауд Арабиясында өндүрүлөт деп күтүлүүдө.