Кыргызстанда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" конференциясы өтөт
Кыргызстанда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" деген аталышта эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов Фридрих Эберт фондунун аймактык директору Александр Розенплэнтер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууда алар дин жаатындагы мамлекеттик саясатты жана Эберт фондунун ишмердигине байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Эберт фонду улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана адамдардын жашоо деңгээлин жогорлатуу жаатында иш алып барат.