"Центерра" Кумтөр кенин "Chaarat" компаниясына сатпайт
![](https://gdb.rferl.org/F8063518-E079-466F-8917-ECC286EF6A28_w800_h450.jpg)
Бул тууралуу "Центерра Голд" бүгүн расмий сайтында билдирүү жарыялады. Кечээ Лондондун биржа фондунун сайтына "Chaarat Gold Holdings Ltd." кен казуучу компания “Центерранын” акцияларын, аны менен кошо Кумтөр кенин да сатып алууга кызыкдар экенин жана алар сунуштаган шарт Кыргызстан үчүн да жагымдуу экенин жарыялаган.
Бүгүн "Centerra Gold Ink." компаниясы өзүнүн сайтында алар "Chaarat" компаниясынын сунушун кабыл албай турганын жана Кумтөрдү сатпай турганын бышыктады.
“2018-жылдын март айында "Центерра" компаниясына "Chaarat" компаниясынан Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кенин сатып алуу тууралуу сунуш келип түшкөн. "Centerra" ошол замат "Chaarat’тын" кеңешчилерине байланышып, алар сунуштаган транзакцияга кызыкдар эмес экенин билдирген. “Центерра” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукканда, аларды да "Chaarat" сунуштап жаткан транзакция кызыктырбай турганын айтышкан” - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин Сапар Исаков жетектеген өкмөт Кумтөр келишимине кол койгону үчүн бир катар депутаттар тарабынан сынга кабылган. 2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. (KR)