Сагындык Келдибаев депутаттык ишин баштады
![Сагындык Келдибаев депутаттык ишин баштады](https://gdb.rferl.org/0B18155F-1AE0-4EE5-B149-55677C839606_cx4_cy0_cw88_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеӊешке "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңы депутат болуп келген Сагындык Келдибаев 25-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди. Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын 24-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Келдибаевге мандат берилген.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар тараткан. Өзү "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген.
Жаңы депутат 51 жашта. (SE)