Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат
![Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат](https://gdb.rferl.org/3B56F3F6-FA81-40B5-87A9-919D4A6C391B_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы "Азаттыкка" кабарлады.
30-апрелден 1-майга чейин кыргыз-кытай чек арасынын "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары Кытай тараптын демилгеси менен Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу жабылат.
Өткөрмө бекеттер 2-майда кайра толугу менен адамдарды жана жүк ташуучу унааларды өткөрө баштайт. (KR)