Аба ырайы: жамгыр жаайт
![Аба ырайы: жамгыр жаайт](https://gdb.rferl.org/868F1527-895D-4216-9E7D-0CCA2CD626A5_cx0_cy9_cw0_w800_h450.jpg)
26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 6...8, күндүз 15…17 градус болот.