Депутат Бокоев Бабановдун ишин карап чыгууну суранды
![Депутат Бокоев Бабановдун ишин карап чыгууну суранды](https://gdb.rferl.org/A021C217-FC91-4E02-B964-AAD6DD80E3B8_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев башкы прокурорлукка көрсөтулгөн Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгууну суранды.
- Биздин лидер Өмүрбек Бабановго шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, фракциянын лидерлигинен баш тартты. Мандатын өткөрүп берди. Ушул маселени көзөмөлгө алып, карасаңыз. Саясий чечим менен козголгон кылмыш иштерин токтотушубуз керек. Биз ачык-айкындуулук, демократиялык жолдон тайбай, алдыга жылышыбыз керек.
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор кызматына сунуш кылган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин 25-апрелде Жогорку Кеңеш жактырды.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, УКМК кылмыш ишин козгогон.
Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген. (SE)