Былтыр туризм ички дүң продукциянын беш пайызын түздү
Былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясынын беш пайызын туристтик тармак түздү. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Бишкекте өтүп жаткан туристтик форумда билдирди. Анын айтымында, мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. 2023-жылга чейин ички дүң продукциядагы туризмдин көрсөткүчүн 10 пайызга көтөрүү мерчемделүүдө. 2017-жылы Кыргызстандын чек араларынан 4,5 миллион чет элдик жаран кирген.
Бишкекте бүгүн башталган туристтик форум “Өзүңө Кыргызстанды ач: тенденциялар, мүмкүнчүлүктөр жана инновация” деп аталат. Эки күнгө созулуучу иш-чарада көчмөн маданиятына негизделген Кыргызстандын жаңы туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт. Ага Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин, чет мамлекеттердин элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын туристтик операторлору катышууда.
Форумду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (ЮСАИД) уюштурган. (AiA/NT)