Май майрамдарына карата эс алуу күндөрү жарыяланды
![Май майрамдарына карата эс алуу күндөрү жарыяланды](https://gdb.rferl.org/9FA7AC1D-09CB-4078-A7C7-489E3CBB198A_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргыз өкмөтү май айындагы майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүн жарыялады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 30-апрелдеги жумуш күнү 28-апрелге жылдырылды. 30-апрель жана 1-май эс алуу күндөрү деп жарыяланды.
5-май ишемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу 7-майга которулат. 9-май да жумуш күнү эмес.
Кыргызстанда 1-май - Эмгек жана тынчтык майрамы, 5-май - Конституция кабыл алынган күн. 9-май - Жеңиш күнү.