Ички дүң продукциянын өсүшү пландалгандан артка кетти
Кыргызстандын 2018-жылга карата ички дүң продукциясынын өсүш көлөмү болжолдонгондой 3,7% болбой калды. Бул көрсөткүч быйыл болгону 2,8% өсөт деп эсептелди. Бул тууралуу каржы министринин орун басары, борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев “Азаттыкка” билдирди:
- Экономика министрлиги экономиканын бул көрсөткүчүн кайрадан карап чыкты. Натыйжада ички дүң продукциянын өсүш темпи реалдуу 2,8% түшөт деп саналды. Бул маселени кайрадан өкмөттө карап чыктык. Эми бул маселени Жогорку Кеңешке алып чыгабыз, - деди Алмаз Бакетаев.
Бакетаев мунун себебин азыр да уланып жаткан дүйнөлүк каржы кризиси менен байланыштырат.
Маалым болгондой, былтыркы жылы ички дүң продукциянын өсүш көлөмү 3,6% түзгөн.
Ал эми 2017-жылы инфляциянын деңгээли 4,3% түзсө, быйыл ал 5,7% сакталары күтүлүүдө.
Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп мерчемделген, ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түзөт.
2018-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 624,81 миллион долларга жеткен. (ErN)