"Ага Хан" жер сатып алуудагы талаш жагдайга тиешеси жоктугун билдирди
Эл аралык "Ага Хан" фонду Чүйдүн Байтик айылындагы жер сатып алуу боюнча талаштуу жагдайга тиешеси жогун билдирди. Фонддун басма сөз кызматы буга чейин жарыяланган макалаларда айтылган маалыматтарды төгүндөп, билдирүү таратты.
"Фонд бул айтылгандарды туура деп ырастоого жасалган аракеттерди жалган жана негизсиз деп эсептейт", - деп жазылат билдирүүдө жана "Ага Хан" билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу аракетин уланта берери белгиленет.
"Азаттык" 23-апрелде "Прокурордун "жеми", "Ага Хандын" жери" деген аталышта макала жарыялаган. Анда Эл аралык "Ага Хан" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2012-жылы Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынан 84 гектар жерди 8,3 миллион долларга сатып алганы тууралуу сөз болгон. Талаштуу жагдай тууралуу макалада "Ага-Хан" фондунун өкүлү Адылбек Исмаиловдун пикири камтылган, бирок ал жерге байланыштуу комментарий бере албастыгын айткан.
"Ага Хан" фонду Кыргызстанда 2008-жылдан бери ишмердик жүргүзөт. (SE)