Эки Кореянын жетекчилеринин жолугушуусу башталды
![Эки Кореянын жетекчилеринин жолугушуусу башталды](https://gdb.rferl.org/94C96A83-5CA3-40AC-95C5-FD58E1394A30_cx0_cy9_cw0_w800_h450.jpg)
27-апрелде эртең менен Түштүк жана Түндүк Корея лидерлеринин алгачкы жолугушуусу өттү.
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын коңшу өлкөдөгү кызматташы менен учурашкандан соң "дүйнөнүн жаңы тарыхый доору башталып жатканын" айтты. Аны тосуп алган Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин муну "жөнөкөй эмес чечим" деп атады.
Ким чен Ын 1953-жылдагы согуш аяктагандан бери аскердик демаркациялык сызыктан өтүп, Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган алгачкы лидер болуп калды.
Эки мамлекеттин саммитинин алкагындагы жолугушуу Түштүк Кореянын аймагындагы Панмунжон кыштагында өтүп жатат.
Расмий маалыматтарга ылайык, саммитте “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, туруктуу тынчтык орнотуу, корей аралык мамилени алга жылдыруу” маселелери талкууланат.
Бул Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Түштүк Корея лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барган.
Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин азыркы саммитинен кийин Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өтөрү айтылууда.
Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизген.
АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Корея былтыр баллистикалык ракеталарын дембе-дем сынагандан кийин кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын санкциялардын таасирине байланыштырышат.