Людмила Усманова башкы прокурордун орун басарынын кызматынан кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү 27-апрелде кабарлады.
Жээнбековдун 26-апрелде кол койгон буйругу менен Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалган.
43 жаштагы Жамшитовду бул кызматка мамлекет башчы 24-апрелде сунуш кылып, Жогорку Кеңеш колдогон.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен. (NT)