Иркутскиде мигранттар жапырт кармалып, кое берилди
Иркутск шаарында мигранттар жапырт кармалды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын «Сибирь.Реалии» кызматына укук коргоочу Наталья Хроменкова кабарлады. Анын айтымында, 4-апрелде Иркутскиде 300гө чукул мигрант кармалган.
- Полиция кызматкерлеринин аракеттери кармоонун себебин билүү, коргонуу, котормочу алуу боюнча кармалгандардын укуктарын бузган. Бул жагдай туш келди камакка алууну эске салат. Анткени кармоого себеп болгон эмес. Аларды «терисинин түсүнө карап тандашкан». Чет өлкөлүк жарандарга мындай мамиле дискриминациялык мүнөзгө ээ, - деди укук коргоочу Хроменкова.
Күбөлөр мигранттарды полиция формасын кийген адамдар эмес, жарандык кийимчен, беткапчан атайын кызматтардын өкүлдөрү кармашканын айтып жатышат.
Алар чет элдик жарандардын документтерин тартып алып, мигранттардын өздөрүн автобустарга салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Мигранттар бир нече саат кармалып тургандан кийин кое берилгени маалымдалды. Бирок аларды кармоо тууралуу бир да протокол түзүлбөгөнүн укук коргоочулар баса белгилешти.