Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 13.04.2019

Тамга айылында уйлардан кутурма чыкты

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунун Тамга айылында уйлардан кутурма чыгып, төрт баш уй ылаңдап өлдү. Учурда айылга эки айга карантин жарыяланды. Райондук ветеринария, фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын маалыматында ылаң чыккан жерге жакын жердеги бодо мал жана айылдагы иттер эмдөөдөн өткөн.

Сурамжылоо: Бабановду күттүңүзбү?

Azattyk.org 

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды. Бабановдун тарапкерлери анын келишине арнап Бишкекте, Таласта, Нарында жана Каракол шаарында митинг өткөрөрүн жарыялашкан. 13-апрелде айрым адамдар митинг өтөт деген ишеним менен Горький гүлбагына чыгышкан.



Ким Чен Ын: АКШ мамилесин өзгөртпөсө, Трамп менен үчүнчү жолу жолугушуу ниетим жок

Ca-irnews.com (kg) 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ менен акыркы сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз аякташын сынга алуу менен, Вашингтон мамилесин өзгөрткөн шартта гана АКШнын президенти менен кайрадан жолугушарын айтып эскертүү жасады.

Пакистанда талибдер базарга кол салышты

Azattyk.org 

Талибдердин кол салуусунда бери дегенде 20 адам, анын ичинде эки бала мүрт кетип, 48 адам жарадар болду. Жардыруу Пакистандын түштүк-батышындагы Кветте провинциясында болду. Полиция башчысы Абдур Раззак Чиманын “Азаттыкка” маалымдашынча, бомба жашылча базарына токтотулган машинеге коюлган. Кветтеги жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы талиб кыймылы алды. Мунун алдында Ооганстандын батышындагы Гул провинциясында талибдер полиция кербенине кол салып, жети полиция кызматкерин өлтүргөнү кабарланган. Читать дальше...

Баткенде Айгүл фестивалы өттү

Azattyk.org 

Фестиваль 11-13-апрель күндөрү Баткен облусунун борборунда өттү. Анда түрдүү улуттук оюндар уюштурулуп, жергиликтүү өнөрпоздордун, белгилүү ырчы-чоорчулардын катышуусунда элге концерттик программа тартууланды. Айгүл фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен аймакта туризмди өнүктүрүү максатында бир нече жылдан бери уюштурулуп келатат. Айгүл гүлү Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосунда гана өсөт. Бул гүл 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилген. Учурда бир даана гүлдү үзгөндөргө 4500 сом айып салынат. Читать дальше...

"Республика" партиясы Өмүрбек Бабановдун чечимин колдоду

Azattyk.org 

"Республика" партиясы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кийинчерээк кайтып келүү тууралуу чечимин колдойт. Мындай маанидеги билдирүүнү партиянын Бишкектеги штабы таратты. Билдирүүдө "партия лидеринин мекенине кайтып келүүсү тууралуу жарыялангандан кийин аны менен тынч жолугушууларга тоскоолдуктар жарала баштаганы" айтылган. 13-апрелге караган түнү чагым кылууга кызыкдар тараптар бар экени, алар Бабанов келген учурду өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракеттенип жатканы тууралуу маалыматта айтылганы жазылган. Читать дальше...

Эл аралык кылмыш соту Ооганстанда аскер кылмыштарын иликтебейт

Azattyk.org 

Эл аралык кылмыш соту Ооганстанда аскер кылмыштарын иликтөө боюнча өтүнүчтү четке какты. 12-апрелде жарыяланган чечимде соттор далилдердин жетишсиздигин белгилешти. “Ооганстандагы кырдаалды иликтөө азыркы учурда сот адилеттигине көмөктөшө албайт” деп жазылган чечимде. АКШ бул чечимди кубаттады. Президент Дональд Трамп “бул чыныгы атуулдардын гана эмес, мыйзам күчүнүн да жеңиши” деп билдирди. 2017-жылы ноябрда Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Фату Бенсуда ооган улуттук күчтөрүнүн, "Талибан"... Читать дальше...



Билим фестивалы башталды

Azattyk.org 

Жетинчи Билим фестивалы «Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү» деген ураандын алдында өтүүдө. Анын алкагында информатика мугалимдерине сабактар өткөрүлүп, катышуучулар Борбор Азиядагы Америка университети менен таанышып, жаңы заманбап технологияларды билим берүүдө колдонуу, инновация боюнча мастер-класстарга катышат.

Ооганстанда талибдер жети полиция кызматкерин өлтүрүштү

Azattyk.org 

Өлтүрүлгөндөрдүн арасында полиция башчысы да бар экенин "Associated Press" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, дагы эки кызматкер жана жергиликтүү тургун жаракат алышкан. "Талибан" тараптан төрт киши өлгөн. Ооганстандын батышындагы Гур провинциясында талибдер полиция кербенине кол салган. «Талибан» Ооганстанда жазгы чабуулдарын баштай турганын эскерткен. Кыймылдын 12-апрелде беш тилде жарыяланган расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантары жазылган.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары футбол ойношту

Azattyk.org 

Депутаттардын жолдоштук футбол беттеши 13-апрелде Ош шаарында болду. Беттеш 3:2 эсебинде, Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жеңиши менен аяктады. Ош шаардык кеңешинин чакыруусу менен Бишкек шаар кеңешинин депутаттары 13-апрелде Ош шаарына келишкен. Алар расмий иш-чаралардан тышкары Ошто «Сулайман-Тоо» музей комплексин кыдырып, түштүк борбордун тарыхы тууралуу кеңири маалымат алышты. (MdN)

Владимир Путиндин мүлкү тууралуу декларация жарыяланды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы 8 648 353 рубль тапкан. Путиндин былтыркы орточо айлык акысы 720,7 рублди түзгөн. Орус президентинин кирешеси жана мүлкү тууралуу жазылган декларация Кремлдин сайтына жарыяланды. Декларациядагы маалыматтарга караганда, Путиндин кыймылсыз мүлкүндө өзгөрүү болгон эмес. Анын менчигинде 77 чарчы метр батир, 153,7 чарчы метрлик батир жана 18 чарчы метр өлчөмүндөгү гараж бар. Путинге катталган эки автоунаа бар: "Волга" ГАЗ М21 жана "Скиф" деп аталган чиркегичи бар "Нива" автомашинасы. Читать дальше...

Бишкекте митингге он чакты адам чогулду

Azattyk.org 

Өмүрбек Бабановду тосуп алууга арналган митинг саясатчы Москвадан келбей калганына байланыштуу өткөн жок. "Республика" партиясынын мүчөсү Канат Мидин уулу митингдин катышуучуларына кабар берилгенин айтты. Бирок Бишкектеги Горький гүлбагында онго жакын адам митингди күтүп, бир аз убакыттан кийин тарап кетишти. Таласта да митинг өткөн жок. Бул күнү Талас шаарынын борбордук аянтында АРИС уюму ветеринария кызматкерлерине мотоцикл тапшырды.  Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери мурдараак анын келишине арнап Бишкекте... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

Жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы кыймыл 500 метрден ашпоосу зарыл. 14-апрелде Кыргызстанда жамгыр жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2... Читать дальше...

Бабановду тосуп алууга арналган митингдер болбойт

Azattyk.org 

Митингдер өтпөй турганын парламентте "Республика" партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев "Азаттыкка" билдирди: "Көрдүңүздөр, ал өзү видеокайрылуусунда тарапташтарынан "токтоткула, чыкпагыла" деп суранып атат. Биз албетте ал суранычын кабыл алабыз. Биз адегенде ынтымактуу, чогуу болушубуз керек". Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери мурдараак анын келишине арнап Бишкекте, Таласта, Нарында жана Каракол шаарында митинг өткөрөрүн жарыялашкан. 12-апрелде Бишкек мэриясы Бабановдун тарапкерлерине аны... Читать дальше...

Гонконгду кирешеге марыткан «Регби жети»

Azattyk.org 

Жыл сайын апрель айынын башында «Регби жети» (Hong Kong Rugby Sevens) мелдешин көрүш үчүн Гонконг шаарына 100 миңден ашык спорт ышкыбоздору чогулат. Бул Гонконгго миллиондогон киреше алып келчү ири мелдештердин бири.

Индонезияда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ca-irnews.com (kg) 

Индонезиянын Сулавеси аралында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, өлкөнүн геофизикалык кызматы цунами коркунучу бар экенин эскетртип, кээ бир аймактардын жашоочуларын эвакуациялоо буйругу берилди.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Жена бывшего супруга Волочковой выписалась из роддома и рассекретила имя сына





Rss.plus
Театр

Госцирк Бурятии возглавил Тудуп Батуев: Театр и цирк, Культура, Россия




Прекрасная Айшат Кадырова: кто она, старшая дочь главы Чечни?

Российские медиа сообщают о задержании начальника Главного управления кадров МО России Юрия Кузнецова

Таможенники спасли от вывоза из России 13 икон и вернули их Церкви

В Кирове росгвардейцы присоединились к всероссийской патриотической акции "Окна Победы"




Бишкекте билим фестивалы өтүүдө

Azattyk.org 

Жетинчи жолу өтүп жаткан фестивал "Кыргызстандагы санарип муун" деп аталат. Иш-чараны экс президент Роза Отунбаева ачып, санариптик билим берүүнүн маанисине токтолду. "Ушул тапта Кыргызстан боюнча 1000 эле информатика мугалими бар экен. Бул абдан аз. Айрым мектептерде информатика кабинеттери ачылбай турат. Анткени мугалимдер балдардын алдында компьютерде иштегенден уялышат экен. Эки жүз гана мектепте акылдуу такталар бар. Бирок алардын көбү иштебей турат. Санарип жылы деп атап коюу жетишсиз. Биз... Читать дальше...

Сооронкулова: Бай адам элди оңой эле сатып алам дейт

Azattyk.org 

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова шайлоодо добуш сатуу акчалуу талапкердин ниетин бузарын "Азаттыкка" билдирди: "Биз саясатчыларды күнөөлөрдөн мурда адегенде өзүбүздү да бир карап алсак. 500-1000 сомго сатылып жаткан соң, ар бир бай адам элди оңой эле сатып алам деп ойлойт. Эми өз максатына жетүү үчүн социалдык тармактар аркылуу элди колдонууга аракет кылып жатышат. Ошондуктан эл саясатчылардын куралы болбоого тийиш. Бул өзүнүн шайлоочусун, элин сыйлабагандык. Бир күнү туруп бирди айтат, эртеси башкасын айтат. Читать дальше...

Балдар үйүнөн качкан өспүрүм арыз жазды

Azattyk.org 

Военно-Антоновкадагы балдар интернатынан 16 жаштагы өспүрүм үчүнчү ирет качып кетти. Ал тарбиячылар менен интернаттагы айрым балдардан ыдык көргөнүн айтып, Башкы прокуратурага арыз жазганы кабарланды.

Бокоев: Бабанов үчүн мамлекеттин тынчтыгы маанилүү

Azattyk.org 

Өмүрбек Бабанов үчүн тынчтык, элдин биримдиги маанилүү экенин Жогорку Кеңеште "Республика" партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев "Азаттыкка" билдирди: "2017-жылы шайлоо бүткөндө эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турган бизди, тарапташтарын өзүнүн беделине шек келсе да, тынчтык үчүн деп, нааразылыкка чыгарбай токтотуп койгон. "Кандай жол менен болсо да шайланды, бийлик эми иштесин" деп токтотуп койгон. Бул жолу да ошондой болду. Демек, ал мамлекеттин туруктуулугун биринчи орунга койгон инсан экенин далилдеди". Читать дальше...



Москва

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Лоза заявил, что Влада Листьева убили из-за денег




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Заммэра Москвы Ефимов: набережная в Южном порту увеличится в 1,5 раза

Псковичи стали призерами соревнований по вольтижировке в Москве

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании


Новак Джокович

Теннисист Джокович раздавал автографы в шлеме после попадания бутылкой в голову



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Мода

Показ Academy Kaurtseva Fashion Day III 24



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России