Орбита: ээнсиреген шаардын таржымалы
Чернобыль АЭСиндеги кырсык СССРде курулуп жаткан же курулушу пландалып жаткан башка 11 атомдук электрстанциялардын тагдырына да чоң таасирин тийгизген.
Чернобыль АЭСиндеги кырсык СССРде курулуп жаткан же курулушу пландалып жаткан башка 11 атомдук электрстанциялардын тагдырына да чоң таасирин тийгизген.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында мелдеш бүтөрүнө 10 секунд калганда атаандашын утуп калды.
Вашингтондогу сот орусиялык жаран Мария Бутинага АКШнын аймагында каттоодон өтпөгөн Орусиянын тыңчысы катары аракеттенип жүргөн деп таап, 18 айга эркинен ажыратты. Буга чейин прокурор да ушундай эле жаза чегерүүнү өтүнгөн. 30 жаштагы Бутина абакта дагы тогуз ай отурат, жазанын калган бөлүгүн өтөдү деп эсептелет. Андан кийин Орусияга депортацияланып, АКШга 10 жыл келе албайт. Сот өкүмдү окуп жатып, Бутина «орусиялык аткаминердин» тапшырмасы менен Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна каршы ишмердик жүргүзгөнүн белгиледи. Читать дальше...
Бишкекте өткөн митингде бийликтен уран казууну токтотуу, уранды чалгындоого жана иштетүүгө уруксат берген кызмат адамдарын жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү.
Пасхадагы теракттардан кийинки алгачкы жума намазды Шри-Ланкадагы айрым мечиттер чогуу өткөрүштү. Кытай 1 трлн. долларлык "Бир алкак - бир жол" стратегиясынын кемчиликтерин моюнга алды. Түркмөнстандын бийлиги студенттерин Тажикстанга окууга жибербей жатат. Ганада алыскы айылдарга дрондор дары ташыйт. Украинанын шайланган президенти Владимир Зеленский Борбордук шайлоо комиссиясын айыптап чыкты.
Пасхадагы теракттардан кийинки алгачкы жума намазды Шри-Ланкадагы айрым мечиттер чогуу өткөрүштү. Коломбодогу Салам Жумма мечитине чогулгандарды сыртта полиция кайтарып турду. Имам Мохамед Жайфер өткөн жекшембидеги теракттарга “Бул мусулмандын иши эмес, бул ислам эмес. Бул ишти кылгандар жырткычтар” деп баа берди. Ошол кылмыштарга шектүүнү байкап калышса, тартип сакчыларына өткөрүп беришерин баса белгиледи. Мечитке келген Ульхак Раис аттуу мусулман терроризмден тыш калган мамлекет жок экенин белгилеп... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин өз алдынча саясат жүргүзгөнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакпай калганын жана экөөнүн тиреши ушундан улам башталганын айтты. Ал бул тууралуу «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» берүүсүндөгү маегинде билдирди. Ошондой эле мурдагы президент Атамбаев Жээнбековду колдогондорду өзүнүн душманы катары кабыл алганын кошумчалады. «Жээнбеков да Социал-демократтардын мүчөсү. Биз аны жүрөгүбүз менен шайлап алдык. Читать дальше...
Орусиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү мунай маселеси боюнча ташуучу компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү үчүн 26-апрелде Минск шаарына барышты. Министрлик төрт компания - орусиялык "Транснефти", Беларустун "Белнефтехим", Польшанын PERN жана Украинанын "Укртранснафты" ишканаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү башталганын билдирди. 24-апрелден тарта Беларус, Польша жана Украина Орусиянын "Транснефти" ишканасы "Дружба" өткөргүчү аркылуу жеткирген мунайды "сапаты начарлап кетти" деген негизде... Читать дальше...
Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы нааразылык акция өттү. Анда жарандык коом бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо; Ошондой эле уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу керек» деген талаптарды койду.
26-апрелде Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери баштаган делегация Лейлек районунун аймагында жолугушту. Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусуна чектеш аймактардын район-шаар башчылары жана укук коргоо кызматкерлери, аксакалдар менен жаштардын өкүлдөрү катышты. Анда чек арадагы коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу сөз болду. Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарында таза шайлоого чакырык таштаган акция өткөргөндөн кийин он беш күнгө камакка алынган активисттердин бири Асия Төлесова ачкачылык жарыялады. Ал соттун чечимине нааразылык билдирип жатканын жана боштондукка чыкканга чейин ачкачылыкты улантуу ниетинде экенин адвокаты Жанара Балгабаева билдирди. Анын айтымында, активист суу ичип жатат, бирок тамак-аштан баш тартты. Аны дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Абалы туруктуу. Жакынкы күндөрдө адвокат Алматы шаардык сотунун активисттерди... Читать дальше...
Айсулуу Тыныбекова жеңилип бараткан, бирок беттештин аягына 10 секунд калганда ыкма жасап, артка көтөрүп чаап япониялык атаандашын утуп алды.
Кыргызстандык балбан финалда япониялык Юкако Кавайи менен кез келген.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Ал 62 килограмм салмак ченинде күрөштү. Тыныбекова финалда жапон спортчусу Юкако Каваи менен күч сынашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетти. Ушуну менен Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатын үчүнчү ирет жеңип алды. Ал буга чейин 2016-2017-жылдары жеңүүчү болгон. Азия чемпионаты. 62 кг. Финал. А.Тыныбекова - Ю.Канаи 8:6. 26-апрель, 2019-ж.
Кембриждик герцог, британ канзаадасы Уильям 26-апрелде Австралиянын Крайстчөрч шаарындагы теракт болгон "Линвуд" жана "Аль-Нур" мечиттерине барды. 15-мартта бул эки мечиттеги кыргында кеминде 50 кишинин өмүрү кыйылган, 40ка жакыны жаракат алган. "Аль-Нур" мечитинде сүйлөгөн сөзүндө канзаада жаңызеландиялыктар, анын ичинде мусулман коому менен бирге өмүрүнөн айрылгандар үчүн кайгырып, тирүү калгандарды чогуу колдоп турарын билдирди. “Сүйүүнүн күчү дайыма жек көрүүчүлүктүн жаалын басып турарына бекем ишенем”... Читать дальше...
Беларуста оппозициялык топтор жыл сайын өтүүчү Чернобыль маршына быйыл чыккан жок. Алар жылына 26-апрелде башкалаа Минскте 1986-жылдагы Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын курмандыктарын эскерген каршылык маршын уюштуруп келген. Оппозиция лидерлери жана активисттер 25-апрелде Минск шаарынын бийлиги уюштуруучуларга марш учурунда коопсуздукту камсыздаганы үчүн милицияга 5000 беларус рублин төлөө керектигин айткан. Оппозиция коомдук иш-чарага акы алган туура эмес деген негизде акча төлөөдөн баш тарткан. Читать дальше...
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү жыйынтыкталды. Иш-чаранын алкагында “Чыгыш бермет саптары” аттуу поэзия кечеси өттү. Анда чыгыш элдеринин ырларын ар улуттун өкүлдөрү өз тилинде жаңыртып, кыргыз акындары алардын котормолорун окуп беришти.
Эки тараптуу аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында Казакстандын Актау деңиз портуна Иран армиясынын аскердик-деңиз күчтөрүнүн согуштук кемелеринин отряды кирди.
Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 26-апрелде өлкөгө келген чет элдик туристтерге бажы төлөмүн (пошлина) киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, Тажикстанга турист катары кирген ар бир чет элдик жаран күн сайын пошлина катары 1 доллардан төлөөгө милдеттүү. Бул акчаны туристтик компаниялар аркылуу чет мамлекеттерге эс алууга жөнөгөн тажикстандыктар да төлөшү керек. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандар, биринчи жана экинчи топтогу майыптар... Читать дальше...
2019-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК чет элдик шериктештер менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) пландарына бөгөт коюу жана аныктоо боюнчажүргүзгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында,ЭТУ согушкери,КР жараны «А.А.И.» кармалды.
23-апрелде Ош аэропортунан мыйзамсыз товар ташып келүүгө шектелип Кыргызстандын жараны (А.Д.Б) кармалган. Анын сумкасын текшерген учурда таңгакталбаган 2200 даана (30 800 капсула) 300 мг. «REGAPEN» үлгүсүндөгү дары-дармек табылган. Бул дарылар Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген. Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы алынган товардын жалпы наркы миллион сомдон ашык экенин билдирди. Кармалган адам бажыга тийиштүү документтерди жана ЕАЭБдин бажы аймагына алып келаткан товар... Читать дальше...
"Укртранснафт" компаниясы 25-апрелден тартып "сапаты начар" деген негизде орусиялык "Дружба" өткөргүчү аркылуу келген мунайды кабыл алууну убактылуу токтотту. Ишкана эгерде мунайдын сапаты талапка жооп бербесе, аны кабыл албай коюуга укуктуу экенин, келтирилген материалдык чыгымдардын баарына өз милдетин аткарбаган тарап жооптуу болорун билдирди. Буга чейин Польша жана Беларус ушундай кадамга барган. "Reuters" агенттиги Германия менен Чехия да орус мунайын албай калганын кабарлады. Орус мунайынын... Читать дальше...
Бир жылдан бери издөөдө жүргөн Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов милицияга өз эрки менен келип, колго түшүп берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева билдирди: «Ал милицияга кечээ саат 18:30 чамасындө өзү келди. Буга чейин сот ага издөө жарыялап, сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Ал соттун чечимине ылайык Ысык-Ата ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө». Читать дальше...
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов уран кендерин иштетүүнүн коопсуздугу боюнча маселеге карата президент Сооронбай Жээнбеков үн катат деген ойдо. Депутат уран казуу маселесине байланыштуу президент өзүнүн позициясын айтып, бул тармактагы айрым бир алешемдиктерди тартип салууга милдетүү экенин белгиледи.
Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялады. "Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, мындай чечимди партия өкүлдөрү 26-апрелде Алматы шаарында өткөн курултайда кабыл алышты. Бул партиянын атынан президенттикке журналист Ермурат Бапинин талапкерлиги көрсөтүлөрү күтүлүп жаткан. Бирок ал партиянын курултайында шайлоого катышуунун кажети жоктугун, андыктан талапкер болуудан баш тарта турганын жана бул чечимге партиялаштары менен кеңешкенден кийин келгенин айтты. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости