Ливияда үч миңдей киши үй-жайын таштап качты
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 8-апрелде тараткан билдирүүгө караганда өткөн аптада Ливиянын баш калаасы Триполинин жанында башталган куралдуу кагылышуулардан улам 2 800 адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
4-апрелден бери курман болгондордун саны отуздан ашты. Дал ошол күнү экиге бөлүнүп калган өлкөнүн бир тарабын көзөмөлдөгөн улуттук армиянын кол башчысы Халиф Хафтар эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөт жайгашкан Триполини алууга буйрук берип, аскердик операция баштаган.
БУУ, АКШ, Евробиримдик жана Орусия Халифа Хафтарга баш ийген күчтөрдү борбор шаарды алуу операциясын дароо токтотууга чакырышып, тараптарды саясий сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө үндөштү.
Кошмо Штаттар Триполинин жанындагы салгылашууларга байланыштуу “терең тынчсыздануусун” ортого салды. 7-апрелде мамлекеттик катчы Майк Помпео Хафтардын операциясын "карапайым элди кооптуу абалга кептейт жана бардык ливиялыктардын жаркын келечегине балта чабат" - деп билдирди.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини 8-апрелде тараптарды "гуманитардык элдешүүгө" чакырды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ушул эле күнү "Москва бардык тараптарды кан төгүүгө жана карапайым тургундардын өлүмүнө алып келе турган аракеттерден баш тартууга чакырарын" айтты.
2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн расмий жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон. Чыгышты парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө, Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.