Архангельскте полигондун курулушуна каршы чыккандар кармалды
Архангельск шаарында аймактагы таштанды курулушуна каршы чыккан мөөнөтсүз акциянын бир нече катышуучусу 8-апрелде кармалды. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Елена Калинина "ОВД инфо" порталына билдирди.
7-апрелде өткөн нааразылык акциясына ар кандай эсептер менен үч миңдей киши чыккан. Алар Шиес айылында Москвадан алып барган таштандыны иштеткен полигондун курулушуна каршылык билдиришкен. Архангельск облусунун губернатору Игорь Орлов митингдин катышуучулары "чоң көчөлөрдөгү кыймылды торошуп, өздөрүнүн жана башка шаардыктардын өмүрлөрүнө коркунуч жаратышканын" айтты.
Коми жумурияты менен чектешкен аймакта жайгашкан Шиес айылында аянты беш миң гектарды түзгөн "ЭкоТехноПарк Шиес" полигонун куруу пландалып жатат. Ал жакка таштанды Москва жана Москва облусунан темир жол аркылуу алып келинет. 10,5 миллиард рублга бааланып жаткан долбоор жылына 500 миң тонна таштандыны кайра иштетмек.
Соңку жылдары Орусияда таштанды төгүүчү жайлар жана аны кайра иштетүү маселеси чоң көйгөйгө айланды. Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда таштанды төгүүчү жайларда 30 млрд. тоннадай акыр-чикир бар. Алар кеминде төрт миллион гектар жерди ээлеп жатат.