Бабановду тосуп алууга арналган митингдер болбойт
Митингдер өтпөй турганын парламентте "Республика" партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев "Азаттыкка" билдирди:
"Көрдүңүздөр, ал өзү видеокайрылуусунда тарапташтарынан "токтоткула, чыкпагыла" деп суранып атат. Биз албетте ал суранычын кабыл алабыз. Биз адегенде ынтымактуу, чогуу болушубуз керек".
Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери мурдараак анын келишине арнап Бишкекте, Таласта, Нарында жана Каракол шаарында митинг өткөрөрүн жарыялашкан.
12-апрелде Бишкек мэриясы Бабановдун тарапкерлерине аны тосуп алууга арналган тынч митингди Эски аянтта өткөрүүгө уруксат бербей, Горький гүлбагын сунуштаган. Талас жана Каракол шаарларынын жетекчиликтери болсо борбордук аянттарда өткөрүүгө уруксат бербей, шаардык стадион жана башка жайларды сунушташкан. Бабановдун тарапкерлери муну бут тосуу катары баалашкан. (ZKo)