Пакистанда талибдер базарга кол салышты
Талибдердин кол салуусунда бери дегенде 20 адам, анын ичинде эки бала мүрт кетип, 48 адам жарадар болду. Жардыруу Пакистандын түштүк-батышындагы Кветте провинциясында болду. Полиция башчысы Абдур Раззак Чиманын “Азаттыкка” маалымдашынча, бомба жашылча базарына токтотулган машинеге коюлган.
Кветтеги жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы талиб кыймылы алды.
Мунун алдында Ооганстандын батышындагы Гул провинциясында талибдер полиция кербенине кол салып, жети полиция кызматкерин өлтүргөнү кабарланган.
«Талибан» кыймылы Ооганстанда жазгы чабуулдарын баштай турганын эскерткен. Кыймылдын 12-апрелде беш тилде жарыяланган расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантары жазылган.