Баткенде Айгүл фестивалы өттү
Фестиваль 11-13-апрель күндөрү Баткен облусунун борборунда өттү. Анда түрдүү улуттук оюндар уюштурулуп, жергиликтүү өнөрпоздордун, белгилүү ырчы-чоорчулардын катышуусунда элге концерттик программа тартууланды. Айгүл фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен аймакта туризмди өнүктүрүү максатында бир нече жылдан бери уюштурулуп келатат.
Айгүл гүлү Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосунда гана өсөт. Бул гүл 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилген.
Учурда бир даана гүлдү үзгөндөргө 4500 сом айып салынат.
2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругу ачылган. Корукту кайтарууга Эрматов атындагы орто мектептин окуучулары да жардам берет.
Айгүл гүлү апрелде ачылып, эки жумадай гана убакытка гүлдөйт. (JsA)