Мамдума "суверендүү Рунет" тууралуу мыйзам долбоорун жактырды
Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус Интернетинин дүйнөлүк желеден бөлүнүшүнө жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү же акыркы окууда жактырды. 16-апрелдеги добуш берүүдө "суверендүү Рунет" деген атка конгон бул документти 307 депутат колдоп, 68и каршы болду.
Эми бул мыйзам долбоору орус парламентинин жогорку палатасынын же Федерация кеңешинин кароосунан өткөндөн кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт.
Демилгечилер бул документ Интернеттин Орусиядагы сегментинин көз карандысыздыгын камсыз кылаарын, глобалдык желе менен байланыш үзүлүп калганда да орус Интернети үзгүлтүксүз иштей берерин айтып жатышат.
Бирок бир катар активисттер жана коомдук уюмдар бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, бийлик Интернетти дагы жакшы көзөмөлдөп калаарын билдиришүүдө.
Себеби мыйзам долбооруна ылайык, Орусиядагы Интернет провайдерлери кайсы бир маалыматка же сайттарга бөгөт коюуга жөндөмдүү атайын техника менен жабдылат. Өзгөчө кырдаал жаралган шартта «Роскомнадзордун» базасында түзүлүүчү атайын борбор бардык интернет-түйүндөрдү жана андагы маалымат агымын башкарууну колго алат.