БУУнун Коопсуздук кеңеши талибдердин билдирүүсүн айыптады
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши талибдердин жазгы чабуулдар тууралуу жарыясын айыптап, бул бир гана ооган элинин азап чегүүсүнө алып келерин айтты.
БУУ «Талибан» кыймылынын бир нече жетекчисин санкциялар тизмесинен чыгарганына жана Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу боюнча АКШнын атайын чабарманы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабастан жоочулар 12-апрелде жазгы чабуулдарын баштарын жарыялашкан.
Буга чейин бир нече жолу өткөн сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы Катарда ушул жумада болору күтүлүүдө. Ага биринчи ирет ооган өкмөтүнүн делегациясы да катышат. «Коопсуздук кеңеши баардык тараптарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып диалогго келүүгө чакырат» деп айтылат 15-апрелде таркатылган билдирүүдө.
Талибдер Кундуз шаарында жана баш калаа Кабулда 13-апрелде бир нече кол салуу уюштурушту. АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдердин билдирүүсүн «акылга сыйбас» деп атады. Буга чейин талибдер расмий Кабулду АКШнын «тактекеси» деп атап, аны менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып келген.