Жээнбековдун Германия сапары: Миллиард евролук келишимдер кабыл алынды
Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда жалпысынан миллиарддан ашуун евролук келишимдерге кол коюлду.
Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 16-апрелде Берлинде журналисттердин алдында сүйлөп жатып билдирди:
- Ишкерлердин ортосунда бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык еврону түзөт.
Жээнбековдун Германиядагы расмий сапары эки күн уланды. Бүгүн ал федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер, андан кийин федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолукту. (RK)