Барр: Трамптын штабынын Кремль менен байланышы далилденген жок
18-апрелде Конгресске жана коомго атайын прокурор Роберт Мюллердин отчетунун редакцияланган версиясын жарыялоо алдында маалымат жыйыны өттү. Анда Кошмо Штаттардын башкы прокурору Уильям Барр Мюллер жүргүзгөн иликтөөдө 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын кийлишкенге аракет кылганы, буга далилдер бары айтылды.
Ошол эле кезде Барр иликтөөнүн алкагында президент Дональд Трамптын жана анын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн орустар менен байланышта болгону ырасталбаганын билдирди.
"Эки жылга созулган иликтөө, миңдеген чакыруулар, жүздөгөн сурактардан кийин атайын прокурор орус өкмөтү 2016-жылкы президенттик шайлоого мыйзамсыз кийлигишүү аракетин каржылаганын ырастады, бирок Трамптын кампаниясы же башка америкалыктардын бул аракеттерге тиешеси болгонун тапкан эмес", - деди Барр.
Мындан тышкары Барр Мюллердин баяндамасында Орусиянын шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөрдүн алкагында Трамптын сот адилеттигине тоскоолдук кылуу аракети тууралуу эч кандай далилдер жоктугун кошумчалады.
Барр маалымат жыйынында 24-мартта Конгресске жөнөткөн төрт барак катындагы жыйынтыктарды гана кайталады. Анда ал Мюллердин 400 барактан турган баяндамасы боюнча кыска бүтүмүн келтирген.
Ал эми отчеттун редакцияланышы боюнча түшүндүрмө берип жатып, Трамп тууралуу материалдарга оңдоп-түзөө киргизилбегенин айтты. Ошол эле маалда ал президенттин расмий адамдары редакцияланган версия менен таанышканын кошумчалады.
Мюллердин отчету жарыялангандан кийин президент Дональд Трамп “Твиттерге” бир канча пикир жазып, бул күндү “жакшы күн” деп белгиледи.
“Эч кандай келишүү, эч кандай тоскоолдук болгон эмес” деген Трамп “Биз муну акыр аягына чейин териштирүүбүз керек. Бул сыяктуу нерсе мындан ары эч бир президент менен болбошу керек” деп кошумчалады.
Баррдын редакцияланган отчету Конгресстеги жооптуу адамдарга дароо таркатылды. Вашингтондогу демократтар башкы прокурорду баяндама жарыяланардын алдында басма сөз жыйынын өткөрүү менен Трампты отчеттогу терс маалыматтардан коргоо аракетин көрүп жатат деп айыпташкан.