Жо Байден АКШ президенттигине талапкерлигин көрсөттү
АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден Демократиялык партиядан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөттү.
Бул тууралуу Байден 25-апрелде жарыяланган кайрылуусунда айтты. Анда саясатчы Дональд Трамптын башкаруусуна байланыштуу Американын негизги баалуулуктары коркунучка кептелгенин белгиледи.
"Дал ушул себептүү бүгүн мен президенттик кызматка өз талапкерлигимди коерумду жар салам", – деди Байден.
Буга чейинки сурамжылоолор президенттикке талапкерлигин көрсөтүү ниети бар 18 демократтын ичинен 76 жаштагы Байдендин рейтинги жогору экенин көрсөткөн.
Америкалык саясатчы буга чейин да Демократиялык партиянын ичинде президенттик кызмат үчүн талапкерлигин коюп, бирок кампаниянын башында эле жарыштан чыгып калган.
1988-жылы Байден плагиаттыкка айыпталып, 2008-жылы Айова штатындагы добуш берүүдө жеңилип калган соң шайлоого катышуудан баш тарткан. Ошол эле кезде Демократиялык партиядан шайланган мурдагы президент Барак Обама Байденди вице-президент кызматына тандап алган.