Путин Пхеньянга коопсуздук кепилдиги берилиши керектигин айтты
Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшкөндөн кийин бул өлкөгө өзөктүк программаны токтотуу үчүн "кепилдик" керектигин журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өзөктүк программаны аяктоодон мурда Пхеньянга эл аларалык деңгээлде коопсуздукка кепилдик берилиши керек.
Эки өлкө башчыларынын биринчи жолку бетме-бет сүйлөшүүсү 25-апрелде Орусиянын Түндүк Корея менен чектешкен Владивосток шаарында өттү. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана Пхеньяндын өзөктүк программасын талкууга алышты.
Ким Орусия менен Владивостокко 24-апрелде чопкутталган поездде келген. Алардын кездешүүсү Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпагандан кийин болду.
Трамп менен Ким буга чейинки эки саммитте өзөктүк келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес. Трамптын администрациясы үчүнчү жолугушууну өткөрүүнү сунуш кылган, бирок Пхеньян ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону талап кылып келе жатат.
Помпео сүйлөшүү тобун президент Трамп көзөмөлдөгөнү менен аны мурдагыдай эле өзү башкарарын жарыялаган.