Талас: катуу шамал үйлөр менен мекемелердин чатырларын учурду
27-декабрда Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн жана социалдык обьектилердин чатырларын учурган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматына ылайык, Кара-Буура районунда 182 үйдүн, 15 социалдык обьектинин, 16 бастырманын, 72 сарайдын чатырлары жараксыз абалга келген. Бакай-Ата районунда секундуна 26 метрге чейин жеткен шамалдын натыйжасында 6 үйдүн, 3 социалдык мекеменин чатыры бүлүндү. Ал эми Манас районунда 288 үйдүн, 10 мекеменин, 143 сарайдын чатырын шамал керектен чыгарды. Читать дальше...