Казакстан спортчу Денис Тенди акыркы сапарга узатууда
Казакстандын Алматы, Астана шаарларында көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу митинги Алматыда Балуан Шолак атындагы спорт сарайында, Астанада “Барыс-Арена” спорт-комплексинде өтүүдө. Учурда спортчу менен коштошууга келгендердин саны миңден ашты. Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалганын Казакстандын Ички иштер министрлиги 20-июль күнү билдирген. Ал Кызылордо облусунун 23 жаштагы Арман Кудайбергенов аттуу тургуну экени кабарланды. Читать дальше...