“Талибан” АКШ менен сүйлөшүү өткөрө турганын жарыялады
“Талибандын” өкүлдөрү билдиргендей, алар АКШнын расмий адамдары менен эки күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрдү 9-январдан тарта Катарда өткөрүшөт. “Талибан” тараткан маалыматка караганда, Доха шаарындагы сүйлөшүүлөрдө алардын америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу чакырыгына, ошондой эле туткундарды алмашуу, кыймылдын жетекчилеринин ары-бери каттоосуна коюлган чектөөнү жоюу маселесине көңүл бурулмакчы. Алдыдагы сүйлөшүүлөр АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзаддын “Талибан” лидерлери менен төртүнчү жолугушуусу болот. Читать дальше...