Көкбөрү: “Достук” менен “Ынтымак” ойнойт
Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Нооруз-2019” республикалык көкбөрү турниринин финалдык оюндары өтөт. Оюндар “Ак-кула” ат майданында болуп, көкбөрү оюнунан тышкары улуттук ат оюндар спортунун түрлөрү боюнча жыйынтыктар чыгат. Бүгүн көкбөрү оюну боюнча эки финалдык оюн өтөт. Алгач, биринчи лигада финалга чыкка “Алкан-Ата” жана “Келечек” командалары ойношот. Бул беттеш саат 10:00дө башталат. Ошондой эле жогорку лигадагы командалар арасындагы финалдык оюн, Талас облусунун “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командасы ортосунда өтөт. Читать дальше...