Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 28.03.2019

Ак-Суу районунун жаңы акими дайындалды

Azattyk.org 

Ак-Суу районунун администрация башчысы - акими болуп Акылбек Тюкебаев дайындалды. 28-март күнү жаңы акимди райондун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров премьер-министрдин буйругун окуу менен тааныштырды. 55 жаштагы Акылбек Тюкебаев - Ак-Суу районунун тургуну. Буга чейин ушул райондогу Каракол айыл өкмөтүнүн, «Өрнөк-ТАА-Чолпон» кооперативин, Ак-Суу - Жети-Өгүз - Тоң район аралык үрөн инспекциясын жетектеген. Эки-үч жылдан бери Ысык-Көл облустук айыл чарба... Читать дальше...

“Электр станциялары” ишканасынын директорунун жакындары дарыгерлерди айыптоодо

Azattyk.org 

“Электр станциялары” ишканасынын директору, маркум Аскар Эшимбековдун аялы Фатима Эшимбекова күйөөсүнүн өлүмүнө Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбордун айрым дарыгерлерин айыптап жатат. Ал дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну суранып, президент баш болгон бардык бийлик бутактарына ачык кат жазды.  Фатима Эшимбекованын айтымында, күйөөсүнө 15-мартта “курч аппендицит” диагнозу коюлуп, операция жасалган. Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин анын ден соолугу начарлап, 20-март күнү инфаркттан каза тапкан. Читать дальше...

Ошто жатакананын жашоочулары президентке кайрылды

Azattyk.org 

Ош шаарынын “Манас-Ата” (ХБК) кичирайонунда жайгашкан “Ак мөөр” деп аталган үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусу имараттын алдына чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Тургундар аларга таандык имаратты мурда менчикке сатып алган Ибайдилла Бидинов аттуу жаран тартып алганына, жашоочуларды үйдөн күч менен чыгаруу аракети жүрүп жатканына даттанууда. Чогулгандар “Сооронбай Жээнбеков, бизге көңүл бөл!, “Коррупцияга жол жок” деген транспоранттарды кармап турушат. Алар үйдөн айрылса... Читать дальше...



Казакстанда аскердик тик учак кулап, 13 адам каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда кулаган аскердик тик учактагы 13 адамдын баары каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен кабарлады. Кырсык 27-мартта, министрликке караштуу аба техникасы Актаудан Шымкентке учуп бараткан жерде болгон. Экипаждын каза тапканын кечээ түнү өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев «Twitter» баракчасында кабарлаган. Коргоо министрлиги тик учак түнкүсүн жана оор аба ырайындагы мүмкүнчүлүктөрдү текшериш үчүн машыгуудан өтүп жатканын билдирди. Читать дальше...

Суталиновдун аялы Путинге кайрылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта отурган Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова ушул тапта Кыргызстанда жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Суталинова күйөөсүнүн сот иштериндеги маселесине бийликтин көңүлүн буруш үчүн бөтөн мамлекеттин башчысына кайрылып жатканын билдирди. Ал Путинди орган адамы катары Мурат Суталиновдун абалын түшүнөт деп ишеним артып турганын белгилеген. «Адамгерчилик менен боорукерлик сакталышы керек. Сиз... Читать дальше...

«Газпром» компаниясы Кыргызстанга 26,5 млрд. рубль инвестиция салды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту.  Өкмөт аппараты кабарлагандай, алар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары өнүктүрүү, газ менен камсыз кылуу объектилерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты. Анда Миллер компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салууга милдеттенгенин... Читать дальше...



Жер ортолук деңизинде мигранттар өздөрүн куткарган кемени ээлеп алышты

Azattyk.org 

Италиянын ички иштер министри Матео Сальвининин билдиргени боюнча, 120дай мигрант Түркиянын жүк ташуучу кемесин ээлеп алган. Бул кеме мурдараак аларды Ливиянын жээгинен алыс эмес жерден куткарып алган болчу. Мигранттар ээлеп алган кеме Италиянын же Мальтанын жээгине карай баратат. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги жазды. Сальвини мигранттардын бул аракетин «каракчылык» деп атады жана анн айтымында, уурдалган кеме Италиянын суудагы чек арасынан өткөрүлбөйт. Италиянын маалымат каражаттары... Читать дальше...

Путин Кыргызстанга келди

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы 28-март күнү, саат 7:30да "Манас" аэропортуна конду. Аны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. (Видео: Президенттин басма сөз кызматы)

Эркекче кийинген аялдын ийгилиги

Azattyk.org 

Көз боемочу туугандарына алданган Тажикстандык үй-бүлө он айдан бери чатырда жашайт, Орусияда таяк жеген өзбек мигрант укугун коргоого өзү киришти, "Азаттык" тагдырын өзгөрткөн пакистандык аял ишкер болду, Кансыз согуш маалында жеңишке жеткен Чехословакиялык хоккейчилердин сыймыгы, Томскидеги жалгыз автодүкөндүн сатуучусу карыларды таштай албайт.

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Azattyk.org 

Владимир Путиндин учагы 28-март күнү, саат 7:30да «Манас» аба майданына конду. Аны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Путин Кыргызстанда бир гана күн болот. Ал Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат жана кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгына байланыштуу жыйынга катышат. Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта өтүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин... Читать дальше...

Орус элчилигинин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаков кармалды

Azattyk.org 

Активист 27-мартта, түшкө чейин орус элчилигинин алдына президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыкканда Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери аны жубайы менен кошо кармап кетишкен. Укук коргоочу Рита Карасартованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, милиция активистти «плакаттарда улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар» деген жүйө менен кармаган. - Активисттин колундагы плаккаттарда «Путин - агрессор, оккупант, киши өлтүргүч» деген жазуу болгон, - деди укук коргоочу. - Экинчисинде «Бизге аскер базанын кереги жок... Читать дальше...

АФК кубогу: «Дордой» менен «Алтын-Асыр» 3-апрелде Бишкекте ойнойт

Azattyk.org 

Бишкектин «Дордой» футболдук клубу АФК кубогунун тайпалык баскычындагы алгачкы оюнун Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» клубу менен Бишкекте өткөрөт.  «Дордой» клубунун басма сөз катчысы Теңгелбес Мусаевдин айтымында, оюн 3-апрелде Дөлөн Өмүрзаков стадионунда кечки саат 20:00дө башталат. АФК кубогунун тайпалык беттештеринде жалпысынан Азиянын 36 клубу тогуз топко (тайпага) бөлүнүп ойношот. «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» клубдары менен D тайпасына бөлүнгөн. Читать дальше...

Москва соту Орусиянын өкмөт мүчөсү Михаил Абызовду эки айга камакка алды

Azattyk.org 

Сот чечимине ылайык, Абызов 25-майга чейин камакта болот. Ал сотто өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок, бирок тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Абызовдун адвокаттары аны 1 млрд. рубль күрөө үчүн үй камагына чыгарууну соттон өтүнүштү. Прокуратура камоону сурады. Судья Наталья Дудар сот чечимин окуп жатып “сот Абызовду 25-майга чейин камакка алууну чечти” деп билдирди. Абызовдун камалышын айрым саясатчылар Медведевге жакын адамдарга карата берилген ишарат катары кабыл алышты. Читать дальше...

ТИМ миграциялык мунапыс тууралуу түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Орусиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандарды легалдаштыруу же мунапыс берүү 22-апрелге чейин уланат. Ага ылайык Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузганы  "кара тизмеге" түшкөн кыргыз жарандары 1-майдан тартып кайра бул өлкөгө кире алат.    Миграция мыйзамдарын бузган кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан тоскоолдуксуз чыгып, кайра “кара тизмеге” илинбей өлкөгө киргенге мүмкүнчүлүк берилет. Бул үчүн мигранттар алгач административдик жана башка айыппулдардан кутулууга тийиш. Читать дальше...

Бишкек жана Москва шаарлары кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

Azattyk.org 

27-мартта Бишкек мэри Азиз Суракматов Москва өкмөтүнүн министри Сергей Черёмин башында турган делегация менен жолугушту. Суракматов москвалык делегация менен турак жай, коммуналдык чарба системасын, билим берүү мекемелерин жана Бишкекте транспорт системасын модернизациялоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады. Москва делегациясынын жетекчиси Сергей Черёмин Бишкек мэрин Москвада өтө турган урбанизациялык форумга чакырды. Жолугушуунун аягында тараптар билим берүү, коммуналдык... Читать дальше...

"Азаттыктын" каарманы "Прецедент" сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районундагы Чырак айылынын тургуну Имаш Азарбаев айылды өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн жарандык коомдун "Прецедент-2018" сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Бишкекте өттү. Имаш Азарбаев айылда, өзүнүн үй-тиричилик шарттарын экологиялык жактан таза жабдыктар жана күн нурунан кубат алуучу жабдуулар менен түзүп, бул демилгесин жалпы айылга жайылткан. Мындан тышкары ал айылга таза суу чыгарууга жардам берген.  Имаш Азарбаевдин жасаган иштери тууралуу "Азаттыктын" маркум кабарчысы... Читать дальше...

Бишкек - Москва: Оомат Орусиянын колундабы?

Azattyk.org 

Эмне үчүн Кыргызстандын Орусия менен соода алакасы коңшулардыкындай өспөй жатат? Эмне үчүн Орусиянын Кыргызстандагы айрым долбоорлорунан натыйжа чыкпай калды же чуу менен коштолууда?



Москва

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: 10 тыс. человек получили медпомощь в обновленных приемных отделениях



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Бутман: Путин продолжает играть в хоккей для поддержания спортивной формы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Представители KAMA TYRES приняли участие в 57-й легкоатлетической эстафете

На ВДНХ пройдет Удмуртский национальный праздник Гербер

Команда Центрального округа Росгвардии стала призером на чемпионате по пожарно-спасательному спорту в Москве (видео)


Елена Рыбакина

В России отреагировали на "скрытую баранку" и достижение Рыбакиной на Ролан Гаррос



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Собянин: 10 тыс. человек получили медпомощь в обновленных приемных отделениях



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России