Чет жакта жашап, иштеп калган кыргызстандык мекендештер Кыргызстандын миграция саясатынын концепциясын талкуулашат.
Мындан сырткары “Мекеним” программасы, “Мекен-карт” демилгесин талкуулоо мекендештер менен байланыш боюнча президентке караштуу кеңештин жыйынынын күн тартибине кирген.
Бүгүн кеңештин жыйыны президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышууда. Читать дальше...