Борбор Азия илимпоздору Циртаутас айымды унутпайт
Июлдун соңунда кайтыш болгон профессор Илзе Лауде-Циртаутастын (1926-2019) элесине арналган тарыхчынын блогу.
Июлдун соңунда кайтыш болгон профессор Илзе Лауде-Циртаутастын (1926-2019) элесине арналган тарыхчынын блогу.
Гонконг аэропортунда демократиячыл активисттер менен полициянын түнкү кагылышынан кийин иш кайра калыбына келе баштады. 14-августта аба каттамдарынын басымдуу бөлүгү график менен иштөөгө өттү. Соңку эки күндөн бери бийликке каршы чыккан демонстранттар аэропорттун имаратында нааразылык билдирип жатышкан. Анын натыйжасында жүздөгөн аба каттамдары үзгүлтүккө учураган. 13-августта аэропортто башаламандык жаралып, митингчилер «кытайлык агенттер» деп шек саналган эки эркек кишини сабап коюшкан. Кытайдын... Читать дальше...
Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеевдин АКШнын Чикаго шаарындагы комузчулар ийрими.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган» деген сөздөрдү четке какты: - Курсан Асанов биз менен кызматташып, маалымат берген эмес. Бул жөн гана ага жалаа жабуу. Асанов 8-августта сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жетишти. Ошондон кийин коомчулукта анын бедели көтөрүлүп, «чыныгы элдик генерал» деген сөздөр айтылды. Мүмкүн кээ бирөө көрө албастык кылып жаткандыр. Читать дальше...
Тажикстанда ВИЧ, кургак учук оорусун жашырып, дарыланбагандар 230 доллар айып төлөйт.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын айланасындагы соңку окуялар тууралуу Кыргызстандагы коррупциянын табиятын иликтеп жүргөн швециялык окумуштуу, Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл «Азаттыкка» ой бөлүштү.
Американын жогорку даражалуу бир аткаминери кечээ, 13-августта Гонконгдун ички иштерине ачык кийлигишип, Гонконгдогу сөз эркиндиги жана чогулуш эркиндиги колдоого алынышы керек деп билдирди.
Расмий Киев саясий куугунтукка кабылган орусиялыктарга украин жарандыгын жеңилдетилген жол менен берүүнү чечти. Украин президенти Владимир Зеленский өкмөткө бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
7-августтан 9-августка чейин Кой-Таш айылында жана Бишкек шаарында болгон окуялардан мэрия 2 миллион сом чыгым тартты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бул күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 70 автобус бөлүнгөн. Алардын 30унун айнеги талкаланып, бир автобус жарактан чыккан. Баштапкы эсеп боюнча аларды ондоого 2 миллион сом керектелет. Андан тышкары күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев чоң саясатка аралашаарын жар салды.
Аскер прокуратурасы «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова «Азаттыкка» ырастады. Анын маалыматына караганда, Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара алганын аныктады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын апрель айында Эсеп палатасынын инспектору №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган. Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Калган каражатты кийин кызматкерлерден чогултуп бермек. Читать дальше...
Кой-Таштагы УКМКнын ишке ашпай калган операциясы, подполковниктин өлүмү, аскерлердин барымтага алынып, жарадар болушунда төрага Орозбек Опумбаевдин жоопкерчилиги тууралуу маселе көп көтүрүлүп жатат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына үчүнчү жолу суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирди. Жээнбеков 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары сурак берип жатат. Саясатчы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи операция учурунда барымтада калган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн алты жоокерин бошотуу... Читать дальше...
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев облустун ички жолдорунун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырат. Ошондой эле Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыгат. Мындан тышкары «Кичи-Чаарат» фабрикасынын ачылышына катышат. (BTo)
Тергөө камагына алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, азыркы бийликке мыйзамдын чегинде каршы турууга үндөдү. Ал 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды «оппозициялык күчтөрдү жок кылуунун туу чокусу» деп баалап, Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин камакка алынышын «бийликке каршы турган акыркы чептин урашы» катары сүрөттөдү. «Бирок бул биздин ар бирибизге келип, байлап кеткиче күтүп турушубуз керек, колубузду куушуруп олтурушубуз керек дегенди түшүндүрбөйт. Читать дальше...
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Сауд Арабиясы башында турган коалицияга каршы чыккан йемендик хуситтерди мындан ары да колдоого убада кылды. Бул топ төрт жылдан бери Йемендеги кулатылган бийликти калыбына келтирүү үчүн күрөшүп келатат. Мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөгөн Хаменеи мындан сырткары түмөндөгөн адамдын өмүрүн алып, өлкөнү ачкачылыктын кырына кептеген согуштук аракеттердин алдын алыш үчүн йемендиктер менен диалогго барууга чакырды. Хаменеи Сауд Арабиясын «Йеменди бөлүп-жарыш... Читать дальше...
Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну кароону 19-августка белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Ал иш мыйзам чегинде каралса Жапаров жакын арада эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин белгилейт. - Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп бааланса, быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирип калды. Андан да айыптоодогу бир берене алынып салынды. Читать дальше...
2019-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ички дүң өнүмү 284 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда быйылкы жети айдагы эсеп 251 млрд. сом болуп, 3 пайызга өстү. Өкмөт буга чейин 2019-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган учурда өлкөнүн ички дүң өнүмү 232 млрд. сомду түзүп, 6,4 пайызга өскөнүн, «Кумтөр» ишканасын кошпогондо өсүш 2,1 пайыз болгонун билдирген. Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы жана тагылып жаткан кине жөнүндө расмий билдирүү таратып, жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүн жарыялады. Ал 7-8-августта Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу өлкөдө оор кырдаал түзүлгөнүн, министрликтин өздүк курамынын колдоосу менен жагдай чечилгенин айтты. “Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Читать дальше...
Пакистандын премьер-министри Имран Хан 14-августта өлкөнүн эгемендик майрамын Кашмирдин Пакистан башкарган аймагында белгилей турган болду. Өкмөт башчынын канцеляриясынан билдиришкендей, Музаффарабад шаарына Ханды бир нече министр коштоп барат жана “бардык тараптардын жыйынын” өткөрөт. Имран Хандын бир күндүк сапарынын алдында Пакистан БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырган. Мындай кадамга аталган өлкө Индиянын Жамму жана Кашмир райондорун автономиядан ажыраткан чечиминен соң барды. ... Читать дальше...
«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) жана Ички иштер министрлигинде беш сааттан ашыгыраак убакыт сурак берип чыкты. Ал 13-августка караган түнү 23:00 чамасында чыкканын телеканалдын сайты жазып, өзүнүн кыскача видео интервьюсун да жарыялады. “Сурак, маектешүү деп атайлы, УКМКда, анан ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү. Андан кийин ИИМдин Криминалдык милиция кызматында уланды. Мен көргөн-билгендерим тууралуу айтып бердим, көрсөтмө бердим жана түшүндүрдүм” деди ал. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости