Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 23.08.2019

Бабанов экинчи жолу УКМКга суракка кирди

Azattyk.org 

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө кирип кетти. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоонун үгүт маалында, Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралып жатат. Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында, ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун, Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Читать дальше...

Жалал-Абад: базардагы өрттүн чыгымы 45 миллион сом болду

Azattyk.org 

21-август күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан чыккан өрттүн кесепети эсептелип чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон соодагерлер 45 миллион сомдук зыян тарткан. Ал эми өрттүн чыгыш себеби катары электр зымынын чаташып кетип, учкун чыгарганы айтылды. Бул фактыны шаардык милиция “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” катары каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды жана өрттүк-техникалык экспертиза дайындалды. Шаардык базардагы өрттөн улам 3,6 миң чарчы метр жердеги... Читать дальше...

Литвага "Амазондун" кийим-кечеси жакпай калды

Azattyk.org 

Литва "Амазон" америкалык интернет-дүкөнүн орок менен балка сыяктуу бир катар мурдагы СССРдин эн белгилери тартылган кийимдерди сатууну токтотууга чакырды. Вильнюстун пикиринде мындай белгилер Советтер Союзунун куугунтуктоосуна кабылган курмандыктардын беделине шек келтирүүдө. "Амазон" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безоско жолдогон ачык катында, "Биздин планетада зомбулук жайылып жатат. Ошол себептен эч ким, ал тургай "күлкүлүү" деп саналган символдорго дагы көңүл кош мамиледе болбошубуз керек"... Читать дальше...



Назарбаевдин эки уй багуу сунушуна жооп

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында, мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемелеген. Экс-президент элге "уй багып, сүтүн сатып, үй-бүлөңдү бак деп" билдирген. Назарбаевдин айылдаштары анын мындай пикирине жооп беришти.

“Коопсуз шаар – 2”: Тендерде кытайлык компания алдыга чыкты

Azattyk.org 

23-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды. Ага ылайык, сынакта кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2,6 млрд. сом сунуштаган.  Ал эми долбоорду ишке ашыруу үчүн «Вега» компаниясы 4,8 млрд. сом, Орусиялык "БИС" компаниясы 5 млрд. сом сунуштаган. Бирок, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров ким жеңүүчү экенин комиссиянын... Читать дальше...

Урицкийдин ишканасы Беларуста суроо жаратты

Azattyk.org 

Беларустагы “Кошт Урада” долбоору, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакындары аралашкан ишкананын меморандумунан шек жараткан жагдайларды таап чыкты.

Беларус АКШнын мунайын сатып алууну көздөйт

Azattyk.org 

Беларус өз тарыхында алгачкы жолу кара май иштетүүчү заводдору үчүн АКШнын мунайын сатып алууну караштырып жатат. Муну менен Минск коңшусу Орусияга болгон көз карандылыкты азайтууну көздөөдө. "Белнефть" мунай иштетүүчү концернине байланышы бар Мамлекеттик мунай компаниясы АКШ Минскке буга чейин салган санкцияларын жоюуга жардам берсин деген максат менен Дэвид Жэнкарелли аттуу белгилүү лоббисти кызматка алды. Маалыматтарга караганда Жэнкарелли Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин "Беларустагы... Читать дальше...

Эколог Эмил Шүкүров каза болду

Azattyk.org 

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, ал бир нече саат мурда Бишкекте каза болгон. Азырынча тажыясы качан өтөрү белгисиз. Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Шүкүров 2016-2017-жылдары... Читать дальше...



Прокуратура Аскар Акаевдин жакындарына козголгон кылмыш иштерин эске салды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, буга чейин Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фонду, уулу Айдар жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Прокуратуранын маалыматында, “Мээрим” фонду боюнча баш-аягы 30 кылмыш иши козголуп, жалпы чыгым 64 миллион сомду түзөрү эсептелип чыккан. Ал эми Айдар Акаевге карата төрт кылмыш иши ачылып... Читать дальше...

Навальный эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 23-августтун таңында эркиндикке чыкты.  Июль айынын соңунда Навальный "коомдук иш-чараны өткөрүү эрежелерин кайталап бузганы" үчүн 30 суткага Москвадагы атайын кармоочу жайга камалган. Ал 27-июлдагы Москвада бийлик менен макулдашылбай өткөрүлгөн акцияга элди чыгууга үндөгөнү үчүн күнөөлүү деп табылган. 28-июлда Навальный өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Расмий версияга караганда, оппозиционерге дерматит деген диагноз коюлган. Бирок... Читать дальше...

Аксы: жыйналыш учурунда айыл башчысы каза болду

Azattyk.org 

Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Тосту айылынын башчысы Стамалы Мырзатаев 21-августта аймактагы жыйын учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул маалыматты Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Улукбек Керимкулов “Азаттыкка” ырастады. Керимкулов билдиргендей, ошол күнү район акими Ыманберди Досбаев катышкан элдик жыйын өтүп жаткан. Стамалы Мырзатаев отурган жеринен жыгылып, дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Айыл башчы ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн. 55 жаштагы Стамалы Мырзатаев Ооган согушунун... Читать дальше...

Кыргызстан эл аралык сотто канадалык компанияга утулду

Azattyk.org 

Канадалык "Stans Energy Corp" жана «Kutesay Mining LLC» тоо-кен компаниялары кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда 24 миллион доллар доону утуп алды. Бул тууралуу "Bloomberg" басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык, канадалык компания "Кеминдеги Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарды" - деп кыргыз өкмөтүнөн 128 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Торонтодо Эл аралык арбитраж ишти карап чыккандан кийин, кыргыз өкмөтүн "Stans Energy Corp" компаниясына... Читать дальше...

Чет-Нуранын жолунун тамтыгы чыкты

Azattyk.org 

Нарын шаары менен Чет-Нура айыл аймагын бириктирген 40 чакырым жолу оңдолбой турганына көп болду. Өңгүл-дөңгүл, таштак жол жүргүнчүлөрдү эле кыйнабастан, үй-бүлө багам деген айдоочунун да автоунаасын керектен чыгарып жатат. Жергиликтүү элдин бийликке кайрылууларынан майнап чыга элек.

Илим Карыпбеков Финполицияга сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты. Карыпбеков “Азаттыкка” “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди. “Бишкектеги “Манас” аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат”, - деди Карыпбеков. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.... Читать дальше...

Милиция: адвокат Айткуловдун уулу да алдамчылыкка шек саналууда

Azattyk.org 

Кармалган адвокат Икрамидин Айткуловдун уулу да “алдамчылыкка” шек саналууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык милициясынын башкы бшкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл январь айында Башкы прокуратурага анын уулу Азамат Айткуловго каршы Бишкектин тургунунан арыз келип түшкөн. Анда Айткулов 2014-жылы 31 миң доллар карыз алып, ошондон бери бербей жүргөнүн айткан. Кийин уулунун карызын адвокат Икрамидин Айткулов төлөөгө милдеттенме алып, бирок төлөбөй жүргөн. Бул даттануунун негизинде сотко чейинки териштирүү башталган. Читать дальше...

Мугалимдердин айлыгы октябрда 30 пайызга көтөрүлөт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан август кеңешмесинин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын маалыматына караганда, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болот. Айлык ушул жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлөт деп пландалууда.  "12 миң айлык алган мугалимдердин айлыгы эми 18 миңди түзөт. Биз татыктуу келечек ээлерин тарбиялоо үчүн мугалимдерге болгон шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондуктан бул аракет акыркы эмес. Читать дальше...

Бишкекте жеке ишкананын кампасы өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

Бишкектеги Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан “Бекендос Плюс” ишканасынын кездеме, пластик түтүктөрү сакталып турган кампасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Өрттүн жыйынтыгында кампанын 2800 чарчы метр аянты күйүп кетти. Тилсиз жоо кесепетинен бир адам жеңил жаракат алды. 22-август күнү кечинде тутанган өрт, түн оогондо толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат. Эки күн мурун Бишкектеги Интергельпо көчөсүндөгү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Маленький Душанбе под крылышком щедрой балерины: загородный особняк Анастасии Волочковой наводнили особенные таджики





Rss.plus
Газпром

Полина Максимова стала новым амбассадором подписки Газпром Бонус




Заммэра Ракова: сборная Москвы завоевала более 1 300 призовых мест на Всероссийской олимпиаде школьников

Российский турист поел уличной еды в популярной стране и приехал в Москву с печенью, набитой личинками

Стоматолог Татьяна Сумцова: проверенные способы сделать зубы белоснежными

Пляж озера Сенеж в Солнечногорске подготовили к лету




Кыргыз-өзбек башкы дипломаттары талкуу жараткан видеокайрылуу боюнча сүйлөштү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов телефон аркылуу сүйлөшүп, буга чейин талкуу жараткан өзбек спортчусунун видеокайрылуусу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн башкы дипломаттары жаралган кырдаалды калыс изилдөө максатында көзөмөлдөөнү макулдашты. 18-августта Кара-Суу шаарында кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Ага катышкан өзбекстандык... Читать дальше...

“Коопсуз шаар”: экинчи этап боюнча сынактын жыйынтыгы чыгат

Azattyk.org 

Бүгүн, 23-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы жарыяланат. 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн. Алар: орусиялык "БИС" компаниясы, кытайлык “Shenzhen Sunwin” жана орусиялык “Вега” концерни. Бул тууралуу тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров "Азаттыкка" билдирди.  Буга чейин орусиялык "БИС" компаниясы ага атаандаш эки компаниянын техникалык сунуштамалары “сынактын талабына жооп бербейт” деген... Читать дальше...

“Кара жыгач токою – Экологиялык парк” аттуу фестиваль өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте “Кара жыгач токою – Экологиялык парк” аттуу фестиваль өтөт. Аны Борбор Азиядагы Америка Университети, Бишкек мэриясы жана Кыргыз-Француз экотуризм биримдиги өткөрүп жатат. Иш-чаранын алкагында Кара жыгач токою жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, балдарга, өспүрүмдөргө ылайыкталган мастер класстар уюштурулат. Аталган фестиваль быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул демилге климаттын өзгөрүшүнө каршы БУУ конференциясынын долбоору катары Франциянын экология министрлигинин эн белгисин (лейбл) алган. Читать дальше...

Өзбекстанда 2020-жылдан тарта насыяны рубль менен төлөөгө уруксат берилет

Azattyk.org 

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 2020-жылдан тарта, эмгек мигранттары өзбек суму менен алган насыяларын орус рубли менен төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу 22-августта Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди. Төлөм "Азия инвест банк" жана башка орусиялык өнөктөш банктар, анын ичинде электрондук төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт. 2020-жылдан тарта турак жай шартын жакшыртууну каалаган Өзбекстандын эмгек мигранттарына көп кабаттуу үйлөрдөн 3 462 батир насыяга берилет. Читать дальше...



Москва

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: как быстро накопить на авто


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: На юге Москвы в этом году благоустроят четыре зеленые зоны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Шевчук

Поэт Влад Маленко заявил, что творчество Шевчука потеряло патриотизм




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ

В новой Москве соревновались нештатные формирования

Сделано в СССР. Первое историческое ралли в Москве стартует 2 июня


Надежда Петрова

Теннисистка Петрова: Карацеву не хватает игровой уверенности



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: как быстро накопить на авто



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России