Ыктыярчылар Арыстагы балдарга жардам беришүүдө
Казакстандык ыктыярчылар Арыс шаарынын балдарына окуу куралдарын таратып жатышат. Июнда шаар ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыркаган. Августтун башында активисттер балдарга жардам берүү боюнча демилге көтөрүп, акча чогултууга киришкен. Активисттердин бири Бэлла Орынбетова өлкөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн киши 900 миң тенге (180 миң сом) которгонун айтты. Бул каражатка дептер, калем, рюкзактар алынып, арыстык 300дөй үй-бүлөгө жардам берилди. 24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. Читать дальше...