Экс-депутат Ширин Айтматова “ҮМҮТ2020” деп аталган элдик кыймыл түзүлгөнүн жарыялап, коомчулукка видео кайрылуу жолдоду.
Анда Айтматова элдин жашоосу кыйындап, өлкөдө коррупция тамыр жайып, парламент өз милдетин аткарбай, соттор бийликтин айтканынан чыкпай, өлкөнү уюшкан кылмыштуу топ башкарып жатат деп бийликтин бардык бутактарын кескин сынга алды.
“Парламент өкмөттү түзүп, көзөмөлдөйт. Парламент сотторду бекитет. Парламент элдин өкүлү болушу керек. Бирок өлкөдөгү кырдаал Жогорку Кеңеш өз милдетин аткара албай калганынын далили. Читать дальше...