Испанияда каталониялык жикчилдердин лидерлери соттолду
Испаниянын Жогорку соту каталониялык жикчилдердин тогуз лидерин тогуз жылдан 13 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратты. Сот аларды Каталониянын эгемендиги боюнча 2017-жылы өткөн референдумда «элди өкмөткө каршы тукурганы үчүн» күнөөлүү деп тапты. Бул айыптан сырткары «мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланган» деген айып коюлган Каталониянын мурдагы вице-президенти Ориол Жункерас эң узак мөөнөткө же 13 жылга кесилди. Үч соттолуучуга бийликке баш ийбегени үчүн айып пул салынды. 12 соттолуучунун баары айыптарды четке кагышкан. Читать дальше...