АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Кабулга келди
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан бери биринчи жолу Кабулга барды. Ал 27-октябрда Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда "Ооганстанда тынчтыкты орнотуунун жолдору" талкууланганын Абдулланын кеңсеси кабарлады. Ооган саясатчысы Саид Хамед Гейлани да Халилзад менен жолукканын, АКШнын чабарманы талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ишара кылганын "Твиттерге" жазды. Читать дальше...