Москва: блогер Егор Жуков үч жылга шарттуу кесилди
Москванын соту белгилүү блогер, Жогорку экономика мектебинин студенти Егор Жуковду үч жылга шарттуу кести. - Сот Жуков Интернет аркылуу экстремисттик чакырыктарды жасаган деген бүтүмгө келди, - деп билдирди Кунцево райондук сотунун судьясы Светлана Ухналева. Бирок блогердин жакын санаалаштары баштан бери эле бул соттук ишти саясий куугунтук катары баалап келишет. 6-декабрда өкүм угузулуп жаткан учурда сот имаратынын сыртында Жуковдун жүздөгөн тарапташтары топтолуп турушту. 21 жаштагы блогер... Читать дальше...